"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жергиликтүү Кеңештин милдеттери, укуктары түз эфирде талкууланды.

25 Май 2018 жыл 16:10
Көрүүлөрдүн саны: 83

Сары-Булуң айыл  мультимедиа борборунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте маек өткөрүлдү.


      efir-deputattar

Бул талкуу Жергиликтүү бийликтин, Жамааттык мультимедиалык маалымат каражаттарынын асоциациясынын Фридрих Эберт фондусунун көмөгү менен уюштурулууда.

Эфирге Сары-Булуң айылдык Кеңешинин жаш депутаттары Жоомарт Таанылбеков жана Мендебай Бараталиевдер келди. Талкуу учурунда Өнүктүрүү саясат институтунун Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу боюнча адиси Танат Осмонкулов эксперттин оюу, айыл аймагынын айрым тургундарынын пикирлери угузулду.

Табылгыты айылынын айылдык депутаты Мендебай Бараталиев  төмөндөгүлөргө токтолду: “Жаштар, маданият тармагынын комиссиясында болуп, жаштардын көйгөйүн чечип, бюджеттен акча бөлдүрүп, кышкы, жайкы олимпиадаларды өткөзүп келдик. Мындан сырткары  жаштар фондун ачып, өз каражатыбыз менен карыядар күнүн өткөрүп, айылыбызга жарыктандыруу боюнча прожектор койдуруп, жолдорубузду оңдоттук”-деп билдирди.

Кара-Суу айылынын жаш депутаты Жоомарт Таанылбеков өзүнүн депутатка кантип келгени тууралу төмөндөгүчө оюн билдирди: “Жогорку Кеңешке жаш депутаттар Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Айсулуу Мамашевалар келгенден кийин элдин депутатка болгон ишеничи бир аз өсүп калды. Жаштардын колунан келет турбайбы деп алдыга кадам таштадым”-деди.

Сары-Булуң айылдык кеңешинде 11 депутат бар.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова