"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Акыркы коңгуроо күнү белгиленди”

29 Май 2018 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны: 101

Тогуз-Торо районуна караштуу  Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектебинде “25-май Акыркы коңгуроо аземи” белгиленди.

Акыркы коңгуроо салтанаты “Манас” “Семетей”, “Сейтек” кошуундарынын рапорт берүүсү менен збор түрүндө башталды.Бул күнү мектепке он жылдык жана жыйырма жылдык маараке ээлери да келишкен. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө 1-класс жана 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары чакан куттуктоо концерт коюп беришти жана “Жаш кыял” бийчилер тобунун коштоосунда болду. Ошондой эле мектептин алдыңкы окуучуларына  мактоо баракчалары жана  Таштемир Сатыбалдиев атындагы фонд тарабынан жылда берилүүчү стипендиалар тапшырылды.

Бул салтанатка райондук мамлекеттик администрациясынан Жеңишкул Дүйшөмакунова, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана  Сары-Булуң айыл аймагынын Амангелди Токтоналиев келип куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Акыркы аземинен кийин 10-20 жылдык ээлери менен 9-11-класстардын чакан жолугушуусу өткөрүлдү.Мында бүтүрүүчү окуучуларга кесипти тандоодо туура багыт берүү жөнүндө өздөрүнүн кеңештерин айтышты жана аз камсыз болгон бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайга өтүүдө көмөк көрсөтөөрүн 20жылдык ээси Элгиз Олжотоев кошумчалады.

Бул туралуу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Калиман Мааткеримова билдирди.

2017-2018-окуу жылында жалпы мектепти 27 окуучу аяктайт.

Даярдаган: Азем Маратова