"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородогу сүрөт конкурсу болуп өттү

29 Май 2018 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 156

Сүрөт конкурсу  Тогуз-Торо районунда Чынгыз Айтматовдун 90жылдык мааркесине карата  “Ысык-Көл балдардын көзү менен ” деген темада мектептер арасында өткөрүлгөн.

Сынактын милдеттери Ч.Айтматовдун чыгармалары жөнүндө сүрөт тартуу болгон.

Бул тууралуу сынактын катышуучусу  №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин окуучусу Аманбай Келгенбай уулу төмөнкүлөрдү билдирди: “Мен бул конкурс тууралуу мектептеги эжекелерден угуп катышкам. Мен бул конкурста жеңем деп алдыма максат койгон элем. Ошол максатка жетип, сынакка сүрөт тартып, жеңүүчү аталдым. Мени сүрот тартууга багыттаган атама чоң рахмат. Менин сурөтчү болуума атам себепчи болгон. Мен бул жеңишиме өтө кубандым.”-деп билдирди Аманбай Келгенбай уулу

Бул сүрөт конкурсу жыл сайын өтуп турат. Анда окуучулар ар турдүү жомоктордун каармандарын,  тартышат.  Cүрөттөр мектепке илинип, сүрөт конкурсу уюштурулуп, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылып турат.

Даярдаган:Назгүл Шадыбекова

 Мыкты аудио сынагы  үчүн