"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда Балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун отчеттук концерти болуп өттү.

30 Май 2018 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны: 62

           Бул тууралуу  балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун жетекчиси, концерттин уюштуруучусу Гүлмайрам Атамкулова төмөнкүлөрдү билдирди: “Райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун негизги максаты бул, 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү болуп аткандан кийин, жаштардын таланттарын өнүктүрүү болуп эсептелет.

      Baldar-ospurumdor-borborunun-kontserti-Mixdown-1

Ошол жаштарды патриоттуулукка, эстетикага тарбиялоо болуп саналат. Бул кечеге районубуздан 13 мектептен делегаттар келип катышты. Жалпы 125 делегат болду. Ал эми концертке 50 окуучу катышты. Бизде 11 ийрим бар  ошол ар бир ийримден 5-6дан окуучулар катышты.

Бий тобунан 3 топ катышып 30 окуучу болду. Комуз ийриминен 12 окуучу катышты. Бул концертке Райондук администрациясынын акиминин орун басары Гулжамал Султангазиева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманбердиев, билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Семетей  Садыков, Тогуз-Торо райондук ардагерлер коомунун төрагасы Молдобек Эпеев, жана ошондой эле Тогуз-Торо райондук көптөгөн бөлүмдөрдөн коноктор келип катышышты. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата “Ысык-Көл балдардын көзү мене деген темада Этно Карновал уюштурдук.” деп билдирди Гулмайрам Атамкулова.

Бул Балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун түзүлгөнүнө 43 жыл болду.Ал эми баштапкы тузүлгөнүнө 90 жыл болгон.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова

Мыкты аудио сынагы үчүн