"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

1-июнь «Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө” карата “Балдар ааламы” аттуу сүрөт, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулду.

2 Июнь 2018 жыл 21:23
Көрүүлөрдүн саны: 59

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 1-июнь “Балдарды коргоо” күнүнө карата көргөзмө  болуп өттү.  Бул көргөзмөгө Сары-Булуң айыл аймагына караштуу мектептерден: №9 Эмилбек Касымалиев атындагы жана №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчүү орто мектептеринен окуучулары келип катышышты.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө  “№7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектеби даярдаган чакан концерти болду. Кол өнөрчүлүк боюнча сынакка 1-класстан 8-класска чейинки окуучулар катышышып, ар түрдүү кооз буюмдарды жасап келишкен.

Ал эми көркөм сүрөт боюнча сынакка ар бир  катышуучу үйдөн тартып келген сүрөттөрү менен тааныштырышып, жана ошол жерден бөлүнүп берилген убакыттын ичинде “Менин айылым” деген темада сүрөттөрүн тартышып, жыйынтыгында сүрөттөрдүн жана кол өнөрчүлүктөрдүн  мыктысы тандалып алынып, 1-2-3 даражадагы дипломдор менен жана  кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Концертке Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Амангелди Токтоналиев, Тогуз-Торо райондук администрациясынын акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Салидат Мойдуновалар келип катышышты.

Көргөзмөнүн аягында, көргөзмөнүн катышуучуларына бекер балмуздактар таратылды,-деп билдирди Сары-Булуң айыл аймагынын айылдык клубунун башчысы Бермет Султаналиева.

 

Даярдаган: Нуриза Рыскулова