"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунун жаңы шайланган акими Айбек Кожошов жана орунбасары Уланбек Иманбердиев эл менен жолугушту.

5 Июнь 2018 жыл 5:44
Көрүүлөрдүн саны: 49

2018-жылдын 4-июнунда  Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын акими Сары-Булуң айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Таштемир Сатыбалдиев атындагы мектебинде болуп, 60дан ашуун айыл эли келип катышышты.

Бул өткөн жолугушууда элет эли өздөрүнүн чечилбей келген көйгөйлөрүн айтышып, канааттандырарлык жоопторду алышты. Бул  тууралу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын акими Айбек Кожошов төмөнкүлөргө токтолду: “Тогуз-Торо райондук администрациясына 25-майда Премьер Министрдин №377 буйругунун негизинде келип, иш аркалап отурам.Андан сырткары 31-майда акимдин биринчи орун басары болуп, Уланбек Иманбердиев келип отурат.Биздин негизги максатыбыз райондогу эл менен жолугуп, элдин тынчтыгын сактоо, экономикалык-социалдык абалын көтөрүү, эл менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып баруу”,-деп билдирди.

Жолугушууга келген Жамал Мамытбекова буларды билдирди: “Бүгүнкү аким менен жолугушуу жакшы өттү.Элдин көйгөйлөрүн, суроо талаптарын укту.Буларды калтырбайм.Тез аранын ичинде чечем.Тиешелүү мекеме жетекчилерди чогултуп алып, чечемин деди. Биз акимди элдин ишеничин аткарат деп ишенебиз”.

Кара-Суу айылынын тургуну Сырдыбек Орозов дагы  өз оюн айтты: “Биз сунуштарыбызды, пикирлерибизди чечебиз деп кетишти.Биз буларга ишенебиз”.

Жыйынтыгында Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Амангелди Токтоналиев аткарылган жана алдыда аткарыла турган иштер тууралуу жергиликтүү тургундарга кеңири маалымат берди.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова

Мыкты аудио сынагы үчун