"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булун айыл аймагына караштуу “Седеп” балдар бакчасында 1- июнь Балдарды коргоо күнү өткөрүлдү.

7 Июнь 2018 жыл 21:56
Көрүүлөрдүн саны: 64

  Бул тууралуу бакча жетекчиси Рахмат Солтоева төмөнкүлөрдү билдирди.»Майрам тарбиячылар менен балдардын коштоосунда өттү. Тарбиячылар өздөрүүнүн группасы менен чакан концерт  коюушту.

 Группадагы 5,6 жашар балдар ыр,бийдин коштоосунда бакча менен коштошушту. Тарбиячылар, балдар болуп тиктирген көйнөктөрүн кийип ырдап, бийлешти»- деди.

Бул кечеде мектеп директору Венера Эпээва жаш жеткинчектерди куттуктап, сөз сүйлөдү. Ата- энелер комитети бүтүрүүчүлөрдүн атынан микрофон, жалпы ата-энелердин атынан бакчага чаң соргуч белек кылышканын кошумчалады.

Бакчадан мектепке 8 окуучу кетишти. Бул ар жыл сайын өткөрүлүп турат . Бүтүрүүчүлөргө белек, винетка белек кылынат

 

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова