"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Китеп-кербени-2018» акциясы өткөрүлдү.

10 Июнь 2018 жыл 20:53
Көрүүлөрдүн саны: 111

Жалал-Абад  областынын  Тогуз-Торо  районунда  Китеп-кербени-2018  аймактарды онуктуруу жылына карата жана жалпы  китеп окурмандарын  кызыктыруу максатында өткөрүлдү.

Китеп кербени  Жалал-Абад областына китепканасы тарабынан буга чейин калк  көп жайгашкан аймактарда өткөрүлүп келген.Бул жолу Тогуз-Торо  районунда  дагы өтүлдү.

Бул акциянын  жүрүшүндө  Америка жана Кыргызстан достугу  деген темада  сүрөт конкурсу,англис  тилинде  өткөрүлгөн айыл таймаштар,темага  байланыштуу бийлер аткарылды.Китеп кербени акциясына  №7 Таштемир Сатыбалдиев  атындагы орто мектебинен  көп сандагы окуучулар катышып,уюштурулган  конкурстарда байгелүү орундарды ээлешти.

Алардын ичинен мыкты сүрөт тарткандыгы учун  3-класстын  окуучусу Эрмат Мөкүшов ардак  грамота менен “Өзүм жасай аламын” жаш ойлоп  табуучулардан Индира Шамыркан кызы, Нуриза Рыскуловалар дипломдор менен сыйланышты. Мындан сырткары Жаш калемгер арасында “Чыгармачылыктын башаты деген” темада конкурс уюштурулуп, баш байгени Замирбек Орозбай уулу жеңип алды.
Ал эми бий конкурсунда мыкты бийлери менен Өспүрүм балдарды  тарбиялоо борборунун  «Ак-Нур» бийчилер тобу  биринчи  орунга  ээ болушту.


Акцияга  катышкан окуучулар мындан  сырткары компьютерди программалоо  боюнча дагы мастер класстарга күбө болушту.


Китеп кербени акциясынын  уюштуруучу тобунун  Жалал-Абад облустук китепканасынын башчысы Аталиева Сейилкан акцияга окуучуларды катыштырууга активдүүлүгүн көрсөткөн китепканачыларга ыраазычылыгын билдирди.
Бул акциянын  негизги  максаты жалпы  аймактарда китеп окурмандарын китепке кызыктыруу  жана аларды көбөйтүү болуп  эсептелет.

Даярдаган:Азем Маратова