Бул тууралуу балдарды окутуп жаткан Бегзада Жүрсүн кызы, Алиса Тобокелова билдирди.
“Бул лагердик окууга жалпы 35 окуучу келди. Окуу саат 9:00дөн баштап 1:00гө чейин 2 саатка бөлүнөт жана биз бул окуучуларды 2 группага бөлдүк. Чоң жана кичине деп. 2 группага тең орус тил, чет тил кирет. Чоң группага 2-класстан 5-класска чейин а кичинекей группага даярдоодон 2-класска чейин”- деп жана ар бир бала 100 сомдон өздөрүнүн тамагына берээрин кошумчалады»-деп Бегзада Жүрсүн кызы айтып өттү.
Англис тилчи Алиса Тобокелова өз оюн билдирди: “Биз тилди өнүктүрүш үчүн тил боюнча сабак өтүп жатабыз. Кичинекей группа кичинекейлик кылууда, ошондуктан буларга оңой гана англисче сөздөрдү үйрөтүп жатам. Балдар бийлеп, ырдап өнөрлөрүн өркүндөтүшөт”-деп бир маал тамак ичээрин кошумчалады.
Катышуучулардын бири Назик Урмат кызы “Бизге бул окуу аябай жакты. Биз көп нерсе үйрөнө алдык. Бул лагер дагы болушун каалайбыз.
Бул курс 2017-жылы ачылган. Былтыр 20 окуучу болсо быйыл 35 окуучу катышты.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова