"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Азат Миңбаевдин жаркын элесине арналган волейбол, футбол оюн өткөрүлдү.

19 Июнь 2018 жыл 22:09
Көрүүлөрдүн саны: 97

Бул туралуу Сары-Булуң айыл аймагынын жоптуу катчысы Асылкерим Кыдыков билдирди. Кара-Суу айылынын тургуну, райондук деңгээлдеги футбол жана волейбол оюну боюнча мыкты чабуулчу Азат Миңбаев Назарбековичтин жаркын элесине арналган классташтарынын демилгесинде 14-июнь туулган күнүнө карата волейбол оюну өткөрүлдү.

Оюнга Минбаев Азаттын бир туугандары демөөрчүлүк көрсөттү. Эскерүү аземине раймамадминистрация башчысы аким Айбек Кожошов, орун басары Гулжамал Султангазиева,  Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Амангелди Токтоналиев жана бир туугандары, достору тарабынан эскерилип, куран окулду.

 

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова