"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуңдагы жаштар саясаты туурасында түз эфирде талкууланды

20 Июнь 2018 жыл 23:00
Көрүүлөрдүн саны: 65

Талкууга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо, спорт, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Марлис Олжотоев, Тогуз-Торо жаштар биримдигинин мүчөсү Кайыркүл Назарбекова жана Табылгыты айыл жаштарынын мүчөсү Жумабек Ысмановдор  келип,  айыл жаштарынын ишмердүүлүгү туурасында маалымат беришти.

Маек учурунда “Тогуз-Торо жаштар биримдиги өзүнүн районуна демөөрчүлүк кылып, кайрымдуу иштерди жана спорттук маданий иш чараларды өткөрүп келди.Мындан сырткары жаштар келечекке кандай максат коюу туралуу маалыматтарды ала алышты”-деп билдирди Кайыркүл Назарбекова.

“Айылдагы жаштар коомдук  активдүү иштерге катышып, тазалык акцияларын  өткөрүп атышат. Айылыбыздагы туунун жанына свет тартууда, 220метр казып отуруп,  патриоттуулук, ата мекенин сүйгөндүгү, үчүн жумуштарды жасады”-деп оюн баса белгиледи Марлис Олжотоев.

Эфир учурунда айрым тургундардын пикирлери, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Пархановдун эксперттик оюу угузулду.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова