"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Суусамыр радиосунда

5 Июль 2018 жыл 13:57
Көрүүлөрдүн саны: 86

Бул тууралуу Сары-Булуң жамааттык мультимедиа жетекчиси Анара Маметова билдирди.

Кыргызстандагы жамааттык малымдоо каражаттарынын жетекчилери Суусамыр FM радиосуна тажрыйба алмашуу максатында келишип, түз эфирлер өткөрүлүп, радиодон алып баруучулук кызматты аткарышты.

Заман уктурусунун алкагында “Бүгүнкү күндөгү балдардын  билимге болгон умтулуусу жана интернетти колдонуусу” жана “Элдик медицина” –деген темадагы түз эфирлерди  Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Анара Маметова жана Барскон FM жамааттык мултимедиа борборунун жетекчиси Гүлкайыр Осмоналиевалар алып барышты.

Ал эми конокто Муратбек Жумакадыров, Жанар Алгожоева, Султанаалы Чакчагаев жана Айзат Түмөнбаевалар болушту.

Даярдаган; Назгүл Шадыбекова