"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин жаңы имараты 2018-окуу жылына ишке киреби?

12 Июль 2018 жыл 10:48
Көрүүлөрдүн саны: 120

Бул тууралуу мектеп директору Венера Эпеева төмөнкүлөрдү билдирди: “Азыркы учурда окуп жаткан мектеп 1958-жылы ашар жолу менен башталган экен. Мына быйылкы жыл менен 63-жылдын жүзү болду. Негизинен 2007-жылы Райондук өзгөчө кырдаал министирлиги тарабынан жараксыз деп табылган.

      7T.Satybaldiev-orto-mektebi-byjyl-ishke-kirebi

Андан соң 2010-жылы өзгөчө кырдаал министирлиги тарабынан Республикалык масштабда жараксыз деп табылган. Ошол күндөн бери мектеп авариялык абалда турат. Ал эми жаңы мектепти куруу иши 2013-жылдын июнь айында биринчи пайдубалы  курулган.  Ошондон бери мына быйыл беш жыл болду. Дагы да болсо мектеп бүтпөй турат. Жылына болгону 4 миллион сомдон гана акча каражаты которулуп, жылда ошол акчага жетээрлик иштер гана бүткөрүлүп келет.

Бул мектепти куруу үчүн жалпы жонунан Республикалык бюджеттен 53 миллион 700 миң сомдук акча каражаты которулган. Бул мектептин курулушун Жалал-Абад облусундагы СМР компаниясы утуп алып, мына ошолордун эсебинен курулуп жатат.  Мектеп негизинен 225 орундуу. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык стандарттуу деп проектиси түзүлүп киргизилген.

Быйыл 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп аталгандыктан биз өтө чоң үмүт менен, ушул мектеп бүтөт деген ишеним менен күтүп жатканбыз. Бирок мектеп быйлкы жылы да бүтпой калуу коркунучунда турат. Анткени, бюджеттен бөлүнгөн акча, өз деңгээлинде бөлүнбөгөндүктөн мектептин курулушу быйыл да токтоп калуусу мүмкүн.”-дейт мектеп директору Венера Эпеева.

Мектептин курулушу туурасында Кара-Суу айылынын тургуну Турсүнбү Коюлчиева буларга токтолду: “  Бул эски мектепте  мен окуп бүткөм,  мына быйыл 60 жашка чыктым. Эми бул мектеп, жарылып араң эле турат. Ошол кулай турган мектепте балдар окуп жатышат. Ошол Жогорку Кеңештен мектепти эртелетип бүтүрткөнгө салымдарын кошуп койушса жакшы болот эле. Ушул мектепке менин неберелерим окуп калышса жакшы болмок”-дейт Турсүнбү Коюлчиева.

Мектептин курулушунда иштеп жаткан усталардын жетекчиси Рахимжан Умаралиев төмөнкүлөрдү билдирди “Бүгүнкү күндө мектепти куруу ишине беш киши иштеп жатат.Мектептин курулушу үчүн быйылкы жылга  эки миллион акча которулган , биз бул акчага мектептин котельныйын куруп жатабыз. Эгерде бизге 10 миллион акча которулса мектеп быйылкы жылга даяр болот ”деп билдирди Рахимжан  Умаралиев.

№7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин курулганына 60 жыл болду. Мектеп 8 жылдан бери авариялык абалда келе жатат.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова

Жайкы мектеп сынагы үчүн