"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Чөптөн пайдалуу дары-дармектерди жасаган апа

23 Июль 2018 жыл 15:48
Көрүүлөрдүн саны: 198

 

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын 60жаштагы тургуну Турсүнбү Койулчиева чөптөн ар түрдүү дары-дармектерди жасап үй-бүлөөсун оорулардан  айыктырып келет.

Биз Турсүнбү апага кайрылганыбыздатөмөнкүлөрдү билдирди: “Менин чөп дарыларды жасап баштаганыма 20 жылдын жүзү болду. Чөптөрдү  өз убагында терип, кургатып даярдап алам.

Бул чөп дарыларды ички аппараттагы ооруларга дарыланам. Үй-бүлөмдү дарылайм. Дарыларды өзүмдүн үй-бүлөм үчүн гана жасайм. Сатып деле акча кылбайм.  Чөптөр өзүбүздүн айланада эле өсөт.

Булар көптөгөн ооруларды айыктырды. Мисал үчүн дайыма өзүм айыгам, балдарымды айыктырам.

Кыштата эле ошол жасап алган чөптөрдү ичип чыгабыз. Көп деле дарыканага барып дары-дармек деле сатып албайбыз”-дейт Турсүнбү Койулчиева.

Кыргыз эли илгертеден эле медициналык дары жок учурда, ар кандай чөптөрдөн дарыларды жасап, оорулардан айыгып келишкен.

Андыктан сиз да, кайсы чөптүн, эмнеге пайдасы бар экенин, жана аларды колдонууга боло тургандыгын билип алып,  ар дайым эле дарыкананын дары-дармектерин колдоно бербестен, чөп дарылардан колдонуп көрүңүз.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова

Мыкты аудио сынагы  үчүн

Маданий ар түрдүүлүк, салттуу билимдер сынагына