"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо спорттук иш-чара өткөрүлдү.

23 Июль 2018 жыл 8:28
Көрүүлөрдүн саны: 49

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ынтымакты чыңдоо, спорт тармагын жандандыруу, айыл тургундарын, жаштарды, спорт сүйүүчүлөрүн спортко жана сергек жашоого үндөө максатында футбол, воллейбол оюндары боюнча аксакалдар жана жаштардын курамынан турган командалардын арасында мелдеш өткөрүлдү.

Бул тууралуу  Сары-Булуң айыл аймактык өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Таалайбек Дамир уулу билдирди. Оюндун ачылыш аземи макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин кичи футболдук аянтчасында өтүп, раймамадминистрация башчысы аким Айбек Кожошов ачып берди. Атайын келген «Кыргызалтын» АКК нын төрагасынын орун басары  Нурдин  Каниметов жана коопсуздук кызматынын башчысы  Рафик Мамбеталиев  сөз сүйлөп өткөрүлгөн оюнга 50 мин сомдук демөөрчүлүк көрсөтүштү.


Воллейбол оюну боюнча 50 жаштан жогоркулар арасында 4 команда катышты.   Жыйынтыгында 1-орунду Атай командасы 1500 сом кубок жана 2500 сомдук акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду Кара-Суу командасы 2000 сом, 3-орунду Көк-Ирим командалары ээлеп мыкты оюн көргөзүштү. Мындан сырткары айыл аймактардагы жаштар арасында футбол оюну боюнча 10 команда, воллейбол оюну боюнча 12 команда катышты.

Волейбол оюну боюнча жалпы 8 команда күч сынашты. 1-орунду Макмал алтын комбинаты, 2-орун Бирдик командасы, 3-орун Табылгыты командалары ээледи.

Футболистер мыкты оюн көрсөтүштү. 1-орунду РЭС мекемесинин командасы, 2-орун Кара-Суу командасы, 3-орунду Каргалык командалары ээлешти.

 

Даярдаган:  Нуриза Рыскулова