Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Кенжебек Бокоев Тогуз-Торо районуна келип, жергиликтүү эл менен жолугушту.
Бул тууралу Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева төмөндөгүлөрдү билдирди. “Тогуз-Тородогу эл менен жолугушуу абдан жакты. Жолугушууга келген ар бир адам олуттуу көйгөйдү көтөрүп жатты: каналдардын абалы, ФАПтардын ремонту, жаш үй-бүлөлөргө жер жетишсиз болуп жатышын, кен иштетүү боюнча көйгөйлөр, таза суу, жол, камактагы балдардын тагдыры, бүтпөй жаткан мектептер.
Ар бир маселе боюнча тийиштүү министрликтерге тапшырма берилет жана парламентте да көтөрөм”-деди.
Депуттар эл менен жолугушуп, көйгөйлөрдү угуп, элге мыйзамдар, парламенттин иши тууралуу маалыматтарды беришти. Жолугушуулар Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы тарабынан уюштурулду.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова