"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси кайрымдуулук кылышты

25 Август 2018 жыл 20:41
Көрүүлөрдүн саны: 114

1-сентябрь «Билим» күнүнө карата Тогуз-Торо районунун айыл аймактарынан беш окуучуну жаңы окуу жылына даярдады.

Бул тууралуу бирикменин төрагасы Анарбек Санжыбаев  төмөнкүлөргө токтолду:   «Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Сман Нурматбеков, Мелис Абдраимов, Марат уулу Адилет, Кутманбек уулу Нургаазы, Айсулуу Кубатбекова, Талантбек уулу Таалайбек, Кенжегүл Токтобекова, Руслан Дүйшеев, Максат Ясынов, Самат Сатарбеков, Абдал Эдияров баштаган ага-эжелерибиздин колдоосу менен Тогуз-Торо районунун 5 айыл өкмөтүнөн социалдык жактан аз камсыздалган, көп балалуу үй бүлөөлөрдүн балдарынан 5 мектеп окуучусун 2018-2019-окуу жылына карата мектеп формасын жана окууга керектүүлүчү шаймандар менен камсыздады”

Мектеп формасы менен камсыз болгон балдардын ата-энелери: “Жакшы кесиптин ээси болгула ушул эжекелериндей болуп өскүлө, тилектештер сиздерге ыраазычылык. Алга кадам таштап, районубузду өнүктүргүлө, салым кошо бериңиздер”-деп ыраачылыктарын билдиришти”

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова