"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Демократия сааты: Аялдардын коомдогу орду

26 Август 2018 жыл 19:58
Көрүүлөрдүн саны: 118

Талкууга Тогуз-Торо райондук Аялдар Кенешинин төрайымы, Тогуз-Торо  айылдык Кеңешинин депутаты Гулжамал Шайнаева, “Ийгилик” кол онорчулук кооперативинин төрайымы Тамара Курманалиевалар катышты.

Уктуруунун жүрүшүндө аялдар эч коркпостон, элдин жүгүн көтөрүп, артка кайтпаш керек. Ар бир айым өзү кызыкдар болуп,  коомго аралашыш керек. Эң негизгиси  жумуш менен үй-бүлөнү айкалыштырыш керек  экендиги айтылды. Ошондой эле Тогуз-Торо райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Тогуз-Торо  айылдык кеңешинин депутаты Гулжамал Шайнаева “Гендердик саясат боюнча иш жүргүзүп,  Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоолор жүргөндө өзүм баш болуп, ушул маселени козгоп, аял депуттарынын санын 8ге жеткирдик”-деди.

Ийгилик” кол онорчулук кооперативинин төрайымы Тамара Курманалиева:  «Айыл өкмөт тарабынан колдоо жоктугунан аялдардын коомдук иштерге катыша албай жатышат»-деп билдирди.

Бул талкуу Фридрих Эберт фондусунун көмөгү менен уюштурулду.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова