Райондук профсоюз уюму тарабынан каржыланып, 30 окуучу Ысык-Көл облусундагы «Улан” пансионатына барышты.
Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын профкому Замира Мамбетакунова билдирди. Макмал орто мектебинин мугалими Эланда Токтоболотова мектеп окуучуларын жетектеп барды. Лагерге катышып келген Альбина Бейшенилевага кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
“Лагерь абдан жакты. Жакшы эс алдык. Көп эле жакшы күндөр өттү.Окууга дем күч топтоп, алдым. Эми мен окууга даярмын”-деди.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова