"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Мугалимдердин кеңешмеси

31 Август 2018 жыл 19:16
Көрүүлөрдүн саны: 64

 Тогуз-Торо райондук  билим берүү бөлүмүнүн август айындагы кеңешмесинде райондук баардык мектептеринин  мугалимдери катышты.

Бул тууралуу  №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин мугалими Калиман Мааткеримова билдирди.  Бала бакчаларынын музыка мугалимдери тарабынан куттуктоо кечеси  тартууланды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев мектептеги 2017-2018-окуу жылындагы алгылыктуу иштер, жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтуу менен мугалимдердин ар кандай көйгөйлүү суроолоруна жооп берди. Кеңешменин жыйынтыгында “Жылдын мыкты мектеби”, “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты кабинет башчысы” ушул сыяктуу “Ардак грамота” менен мугалимдер сыйланышты.

      Даярдаган: Назгүл Шадыбекова