Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы уз чеберлер жана «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында ийгиликтерге жетишишти.
Бул тууралуу Тогуз-Торо жаштар биримдигинин мүчөсү Элвира Жаныкеева Көчмөндөр оюндарына барып,Кырчын жайлоосундагы өткөрүлгөн сынактардагы Тогуз-Торолуктардын ийгилиги туурасында буларды билдирди:
«Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунан барган колунан көөрү төгүлгөн усталар,уз айымдар,күлазык даярдаган апалар,агалар, жаштар, Тогуз-Торо жаштар биримдигинин атынан катышкан сынактарда байгелүү орундарга ээ болдук. Анда:Күлазык даярдоо боюнча «Баш байге»,боз үйдүн жасалгасы боюнча 2-орун,андан сырткары камчы өрүү,өрмөк өрүү,чий согуу,ала кийиз жасоо,этно-саркеч заманбап кийимдер жана башка таймаштарда ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүп,жалпы 150 000(жүз элүү миң) сомдук акчалай байгенин ээси болууга жетиштик.»
Тогуз-Торо району боюнча катышкан өнөрпоздор жыйынтыгында:» Күлазык даярдоо» 1-орун,»Ала кийиз жасоо» 1-орун,»Чий согуу» 2-орун,»Кыл аркан эшуу»2-орун,»Ийик ийрүү» боюнча 3-орунга ээ болушту.
Даярдаган: Азем Маратова.