"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Суу чыкпаган кайрак жерди алма бакка айлантууга аракет кылган Ишенбек Шеримбеков

17 Сентябрь 2018 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны: 70
      500-tup-alma-bak-tikken-Ishenbek-SHerimbekov

Айылдын өнүгүшүнө салым кошкон Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну  Ишенбек Шеримбеков суу чыкпаган, кайрак жерге, тамчылатып сугаруу системасы аркылуу 500түп алма багын оттургузуп өстүрүүдө.

Биз жеке Ишенбек Шеримбековго кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү айтып өттү. “Мен бул ишти 2018-жылы жазда баштагам. Айыл банктан 500 000 (беш жүз миң сом) кредит алып,превосход жана крипсон деген сорттогу 500 түп  алма алып келип, тиккем. Анын айланасын 4 гектар жерди кашаалагам. Ага керектүү, зым, торлорду ошол Айыл банктан алгам. Эмки жылда мындан да көбөйтөйүн деп жатам. Быйыл жетишкеним ушул болду. Бул жер суу чыкпаган, пайданылбаган кайрак жер болчу.Ушул жерди арендага алып, мотор менен суу чыгарып, машинага емкость жүктөп алып, суу ташып, ар бир түп алмага шланги аркылуу жеткирип атам. Бул ишти мен тамчылатып сугаруу системасы аркылуу баштагам. Сугарууга 6 тонна суу кетет”- деп билдирди.

Ишенбек Шеримбеков. Ошондой эле жеке ишкердин айылдашы Бермет Султаналиева “Быйыл 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата биздин айылдашыбыз Ишенбек агабыз жакшы иш баштап отурат.

Бул ишти өзүнүн акча каражаты менен, эмгеги менен өзүнүн проектисин түзүп алып, гүл өспөгөн как талаага 500 түп алма багын алып келип отургузулду. Бул жерге бат баттан келип, көңүл буруп эмгек кылып жатат. Буюрса ушулар жакшы бышып жетилсе өзүнө да, элге да пайда алып келет деп ойлойбуз. Алма бышса, биз алманы, сырттан албай өзүбүздүн айылдашыбыздан алып турмакбыз”-дейт Бермет Султаналиева.

Буга чейин жеке ишкер 2010-жылы “Табылгыты айыл чарба үрөөнчүлүк” кооперативин түзгөн.

Даярдаган:  Нуриза Рыскулова

«Мыкты макала» сынагына