"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Тогуз-Торо районунда ишембилик өткөрүлдү”

18 Сентябрь 2018 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны: 129

15-сентябрь “Бүткүл дүйнөлүк тазалоо” күнүнө карата Тогуз-Торо районунда дагы ишембилик өткөрүлүп,тазалоо иштери  жүргүзүлдү.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Марлис Олжотоев Казарман айылында өткөрүлгөн  ишембилик тууралуу: “15-сентябрь Бүткүл Дүйнөлүк планетаны тазалоо”күнүнө карата Тогуз-Торо районунун аймагында жалпы ишембилик жарыяланып,Казарман айылынын негизги көчөлөрү тазаланып ,бактар буталып,акталды.

Мындан сырткары альтернативдик тундүк-түштук жолунун жээктери жана эс алуучу токой жолдорунун бойлору тазаланды.Атайын уюштурулган ишембиликке 1HOWO,2ГАЗ-53,1КАМАЗ,2 погрузчик,1портер,1MAN,1пикап жана башка жүк ташуучу унаалар тартылып,элге кызмат кылды.Бул ишембиликте таштанды чогултууда желим буюмдар,желим бөтөлкөлөр  өзүнчө  чогултуп,элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”-деп билдирди.

Ошондой эле №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде да ишембилик өткөрүлүп мугалимдер жамааты мектептин айланасында тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Сары-Булуң  айыл өкмөтүнүн да жалпы жамааты ишембиликке чыгышкан.Бул тууралуу  айылдын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова буларды билдирди: “Айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлер бөлүнгөн көчөлөрдү кыдырып элдерди ишембиликке чыгарып,көчөлөрдү тазалашты.Айыл өкмөттүн имаратынын айланасы тазаланып,таштандылар чыгарылып,алма бактар акталды жана дагы Нарын дарыясынын көпөрөсүнөн баштап ,айылга кетчү жолдордун жээгиндеги чөптөр чабылып,таштандылардан арылтылды.Жалпы айыл аймагы боюнча 118 жашоочулар жана айыл аймактагы мекеме кызматкерлери толугу менен катышышты.”

Даярдаган: Азем Маратова.