Жалал-Абад областынан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат.Ал Тогуз-Торо районундагы Көкарт жайлоосунда жайгашкан. Ачык асман алдында жаткан жүздөгөн таштардын бетине түшүрүлгөн айрым белгилерди түшүнүү кыйын. Бирок жан-жаныбарлардын, адамдардын сөлөкөттөрү жана башка символдор кыргыздын ошол доордогу жашоо тиричилигин, маданиятын, коомго, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн чагылдырат. Тарыхчылардын айтымында, андагы таш бетине түшүрүлгөн жазуулар, белгилер жана сүрөттөр 7-10 миң жыл
мурда жазылган.
Саймалуу-Таштагы тоо үстүндөгү бул көл бир караганда жүрөкчөнү элестетет.
Саймалуу-Таш сүрөт галереясынын аянты болжол менен 7-10 гектар жана бийиктиги деңиз деңгээлинен 3200-3400 метр,таштардын саны болжол менен 10 000 ге жакын.Бул жердеги таштарда ар кандай сырдуу жаныбарлардын,мергенчилик кылып жаткан адамдардын сөлөкөттөрү жана ар кандай курал-жарактардын түрдүү сүрөттөрү чегерилген.
Таштардагы сүрөттөрдө тоо текелеринин элестери түшүрүлгөн.
Саймалуу-Ташты көрүү үчүн жай мезгилинде ар тараптан туристтер келип турат. Ал жерге жетүү үчүн унаа жолу жок,баруучулар жөө жана аттар менен гана жете алышат.
Даярдаган: Азем Маратова
«Мыкты жана кызыктуу сүрөт» сынагына.