№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тилинин 29 жылдыгына карата «Кыргыз тилин спорт менен айкалыштырып өнүктүрөбүз» деген ураандын астында спорттук эстафета оюну өткөрүлдү.
Бул оюндун жүрүшүндө 9-10-11-класстын окуучуларынан 3 топ:
«Эне тил» «Улуу тил» «Улутту улут кылган тил» таймалары түзүлүп,желекти кармап чуркап келип тайпалашына макал-лакап айтып өткөрүп берүү, аркан тартыш,топ менен чуркоо тапшырмаларын аткарышып,ошол эле оюн учурунда кыргыз тили тууралуу түзүлгөн суроолорго жооп берип жатышты.
Жыйынтыгында » Улутту улут кылган тил» тобу женишке жетишип | 1- даражадагы диплом менен сыйланышты.Бул тууралуу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Нурзат Аманканова билдирди.
Кыргыз тилинин кабыл алынгандыгына 29 жыл толгондугуна карата мектептеги иш-чаралар декабрь айына чейин улантылат.
Даярдаган: Азем Маратова