"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл аймагында карылар күнү белгиленди

30 Сентябрь 2018 жыл 20:35
Көрүүлөрдүн саны: 76

2018-жылдын 29-сентябрь күнү 1-октябрь  Улгайган адамдардын эл аралык  күнүнө» арналган чакан кече уюштурулуп, Сары-Булуң айылынын 120 кары адамына сый тамак тартууланды. Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынан социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди. Кечени уюштурууга Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн бюджетинен 15 мин сом акча каражаты каралган. Кече айыл өкмөттүн жаңы салынып жаткан имаратынын бир бөлмөсүндө өткөрүлдү. Кечеге  Кара-Суу жана Табылгыты айылынын тургундары демөөрчүлүк кылышкан. Булар: Жумадияр Буйлашов, Бекбоо Оркошов, Куттубек Жумагазиев, Халил Осмонов. Кеченин жүрүшүндө №7 Т. Сатыбалдиев орто мектебинин  7-классынын окуучуларынын чакан программадагы концертин тартуулашты.

Кары адамдарды куттуктап, Сары-Булуң айылдык Кеңешинин төрагасы Дамир Тагайбек уулу, Жергиликтуу Кеңештин депутаты Анарбек Токтоналиев, №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинин директору Венера Эпеева, Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинин директору Алтынбек Чокморов жана Сары-Булуң айыл аймагынын эмгек жамааты калоо тилектерин айтышты. Мындан сырткары  Табылгыты айылынын таланттуу ырчысы Кубан Айдаралиев аккердеон коштоосунда көптөгөн ырларын ырдап, карыяларды куттуктады. «Седеп» балдар бакчасынын тарбиячылары тарабынан даярдалган бий менен коштолду.

Карыларга арналган кече райондо да белгиленген. Ага Сары-Булун айыл аймагынан 15 кары адам барып катышып келген.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова