"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Тилектеш Эл»коомдук бирикмеси активдүү окуучуларды куттукташты

8 Октябрь 2018 жыл 21:05
Көрүүлөрдүн саны: 93

«Тилектеш Эл»коомдук бирикмесинин орун басары Айпери Асылбекова төмөнкүлөрдү айтып өттү: » Аяна Бактиярова чемпион болсо, Абуали Апасов  1-орунду, Алинур Суранчиев          3-орунду камсыздап район элин сүйүнтүп жаткан кези. Өлкөбүздүн эң таланттуу делген 500 окуучусу катышкан олимпиадада байгелүү орунга жетишти».

Ошол кубанычты тең бөлүшүп «Тилектеш Эл»коомдук бирикмесинин мүчөлөрү сыймыктуу окуучуларыбызга өздөрүнүн ыраазычылык баракчаларын,баалуу белектерин тапшырышты.

Жыйынтыгында окуучуларга өзүнүн билимин берип,келечегине жол ачкан «Академия Роста»өнүктүрүү борборунун инструктору, Айсулуу Кубатбековага ыраазычылык билдиришти.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова