"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл аймагынын ардактуу атуулу Таштемир Сатыбалдиев

14 Октябрь 2018 жыл 18:35
Көрүүлөрдүн саны: 130

Тогуз-Торо районунда бийик даражага ээ, Сары-Булун айылдык мектебинин түптөөчүсү болгон Таштемир Сатыбалдиев 1926-жылы  Сары-Булуң селолук советинде кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 

1942-жылы Киров атындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп холхоздо эсепчи болуп иштеген. 1943-1944 жылга чейин Тогуз-Торо райондук комсомол комитетинде зовучет болуп иштеп  туруп,өзүнүн калоосу менен фронтко суранып кеткен. 1944-1950 жж чейин армиянын  катарында кызмат өтөгөн. Өз айылына келгенден кийин Киров атындагы 7 жылдык мектепте мугалим болуп эмгектенген.

1953-1955 жылдарда институтта окуп аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1955-1958 -жылдары мектеп директорлугуна шайланган.1958-1961 жылы Киров атындагы колхоздун председатели  1961-1968- жылдары Киров орто мектебинде мугалим, окуу бөлүм башчысы болуп иштеген.

  1968 -жылы райондук  партия комитетинде парт кабинеттин башчысы. 1969-1971- жылдары райондук маданият бөлүмүнүн  башчысы. 1971-1973- жылы райондук аткаруу комитетинин жооптуу секретары 1973-жылы Сары-Булуң селолук советинин председатели болуп кызмат өтөгөн. 1990-жылы дүйнөдөн кайткан.

Бул убакка чейин №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде 17 ирет мектеп директору алмашкан.

     Даярдаган:    Нуриза Рыскулова