"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл аймагынын имараты ишке кирүү алдында турат

19 Октябрь 2018 жыл 15:12
Көрүүлөрдүн саны: 50

2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн курулуп жаткан жаңы имараты ишке киргени жатат. 

Бул тууралуу Сары-Булун айыл өкмөтүнүн башчысы Амангелди Токтоналиев төмөнкүлөрдү билдирди: «Сары-Булуң айыл өкмөтүндөгү жаштар  борбору болуп түзүлгөн администрациялык имарат 2014-жылдан ушул жылга чейин бүтпөй келген. Бул, стимгрантка киргизилип жана жергиликтуу бюджеттен каржыланып, бүгүнкү кундө  бүткөрүлгөнү турат.10 -ноябрда жаңы имаратка киребиз деген ишеничте турабыз»-дейт А. Токтоналиев.


Айыл өкмөттүн имаратынын бүтөөрүнө кубанып жаткан Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн кызматкери Замира Мамбетакунова төмөнкүлөрдү айтып өттү: «Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн имараты бүткөнү жатат. Биз,  айыл өкмөт кызматкерлери имараттын бүтүшүнө өтө кубанып жатабыз. Себеби биз буга чейин эски имаратта иштеп келгенбиз. Ал имаратта кышкысын суук болуп,  кабинеттерибиз жылычу эмес. Иштеген жер ыңгайлуу болсо жумуш да көнүлдүү болот.»-деп билдирди.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова

«Мыкты аудио материал» сынагына