"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Тогуз-Тородо ишкер айым президенттин сыйлыгына татыды»

19 Октябрь 2018 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны: 106

Кыргыз Республикасынын Президентинин  жарлыгы менен  өлкөнүнүн  социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана  руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн  “Бакыт” жеке менчик соода түйүнүнүн ээси Арзиева Эркингүл    «Ардак грамота» менен сыйланды.

Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын  тургуну Эркингүл Арзиева Казарман айылындагы “Бакыт” жеке менчик соода түйүнүн иштетет .Учурда аталган соода түйүн райондун элин азык-түлүк менен камсыз кылат. Соода түйүндө жалпысынан 30 адам жумуш орду түзүлгөн жана элге заманбап  шартта кызмат көрсөтүүлөр каралган. Азыркы мезгилде Эркингүл айымдын үй-бүлөсү ишкерликтин жолун таап, май куюучу,автоунааларды оңдоочу, нан бышыруучу чакан цехтерди ачып иштетип  жатышат.

Эркингүл айым  калкына да кайрымдуу иштерди кылып келет. Районубуздагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам  кылат. Ишкер айым дал ушундай элине кылган кызматы, жардамынын аркасында  район ичинде да иши бааланып, ар кандай сыйлыктарга көрсөтүлүп райондун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарышкан.

Быйыл 2018-жылы Эркингүл Арзиева  Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бул тууралуу  Эркингул Арзиева билдирди

Даярдаган: Азем Маратова.