Сары-Булуң айыл аймагынын №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинде “Алтын күз” майрамы белгиленип бүттү.
Бул тууралуу №7 Т. Сатыбалдиев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жанаркүл Келгенбаева төмонкүлөрдү билдирди: “Биздин мектепте “Алтын күз” майрамы белгиленип бүттү. Бул майрам бизде жылда болуп туруучу, кайталануучу салтка айланып калган. Бул майрамды 1-9 класска чейинки окуучулар белгилешет. Кечени уюштуруунун негизги максаты болуп, окуучуларды эмгекке тартуу, күз берекесин даңазалоо жана ар түрдүү мөмө-жашылчалардын тарыхын үйрөтүү эсептелинет”- дейт Ж.Келгенбаева
Күз майрамына арналган концерттик кеченин жүрүшүндө ар бир класска жашылча жемиштер бөлүнүп берилип, жана ар бир класс ошол түрдүү мөмө-жемиштердин тарых таржымалын даярдап аткарып чыгышкан. Концертке №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинде иштеп кеткен ардактуу эс алуудагы мугалимдер чакырылган.
Ошондой эле кече ыр, бий, жана ар түрдүү кызыктуу оюндар менен коштолгон.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова