Табылгыты айыл башчысынын укуктары, ишмердүүлүгү туурасында Сары-Булуң мультимедиа борбору түз эфир уюштурду.
Маектин жүрүшүндө айыл башчы айылга донорлорду тартуу менен айлананы тосмололор менен тосуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумушка тартып, жумушсуздуктарды жоюп келгенин айтып өттү. Мындан сырткары айыл башчы демилге көтөрүп, айыл жаштарын уюштуруп, Жаны-Жыл майрамы жана Карылар майрамын өткөрүп, айыл элин куттуктап келишкенин баса белгиледи. Эфирдин журүшүндө «Айыл башчы кандай иштеп жатат» деген суроонун негизинде айыл тургундарына жүргүзүлгөн сурамжылоо жана Өнүктүрүү саясат институтунун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча адиси Танат Осмонкуловдун эксперттин оюу уктурулду.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова