"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү” туурасында маек курулду

25 Октябрь 2018 жыл 20:38
Көрүүлөрдүн саны: 56

Талкууга Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Жайыт комитетинин төрагасы Бекбоо Оркошов келип, жайыт комитинин милдеттери жана ишмердүүлүгү туурасында  маалымат берди.

Түз эфир учурунда жайыт пайдалануучулар менен кандай иш балып жаткандыгын,жайыт комитетинде кандай көйгөйлөр бар экендиги,  чогултулган каражат кайсыл тармактарга жумшала жаткандыгын айтып өттү. Эфирдин журүшүндө «Жайыт комитети кандай иштеп жатат» деген суроонун  негизинде айыл тургундарына жүргүзүлгөн сурамжылоо жана  Жайыттарды жакшыртууда жайыт комитети эмнелерге көңүл бурса боло тургандыгы жөнүндө Тогуз-Торо районундагы өкүлү, КРнын айыл чарба министирлигинин алдындагы жайыт департаментинин техникалык консултанты ПРЖР-1-долбоорунун кеңешчиси Жыргалбек Абдыжапаровдун оюу уктурулду.

Эскерте кетсек  бул уктуруу Фридрих Эберт фондусунун көмөгу менен уюштурулду.

Даярдаган:   Азем Маратова