"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Түшүм майрамына карата даярдык жүрүүдө

27 Октябрь 2018 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны: 67

Алдыда келе жаткан түшүм майрамына карата Тогуз-Торо районубузда ишембилик жарыяланды.

 Казарман айылынын борбордук көчөлөрү, мекеме ишканалардын кызматкерлеринин, жеке ишкерлердин катышуусунда тазаланып жыйналды. Ишембиликке башынан аягына чейин активдуу катышкан »Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин жаштарына жана райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлерине ыраазычылыгын баса белгилеп өттү.

Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо, спорт, жаштар саясаты жана дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Марлис Олжотоев билдирди.

Даярдаган:   Назгүл Шадыбекова