Конкурска Седеп мектепке чейинки билим берүү уюмунун эмгек жамааты катышты.
Бул туралуу Седеп мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Гүлнур Кожомбердиева төмөнкүлөргө токтолду “Сынактын жүрүшүндө көркөм окуу, макал-лакап айтышуу, бий жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан үзүндү көрсөтүштү. Аталган жамаат менен биргеликте аткарып,ата-энелер жана бала бакчанын тарбияланучулары күбө болушту”-деди Г.Кожомбердиева.
“Конкурс абдан кызыктуу болду. “Кылым карыткан бир күн” деген чыгармасынан алып чыгышыптыр. Мага маңкурт баяны ушунчалык таасир берди”- деп оюн билдирди Тунукгүл Орозбекова.
“Седеп” балдар бакчасында өздүк куурчак театры да бар. Андагы каармандардар баары кийизден, кагаздан колдо жасалган. Бала бакча 2011-жылы ачылган.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова