"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда англис жана орус тилдерине окуу борбору ачылды

28 Октябрь 2018 жыл 20:22
Көрүүлөрдүн саны: 73

Тогуз-Торо районунда «Bilim Way TG-Toro» англис жана орус тилдерин үйрөтүү боюнча окуу  борбору ачылды.Бул тууралуу англис тили боюнча тренер Азамат Нургазиев билдирди.

 Окутуу борборуна атайын акы төлөп окушат.  Бул окуу борборуна англис тилин үйрөнүүгө кызыккан мектеп окуучулары келип катышууда.

Окууну 3 тренер өтөт. Алардын экөө Алекс жана Кэтрин Крайнюкова, булар Америка мамлекетинен келген тренерлер.  Ошондой эле бул билим борборунун катышуучусу  Асан Абдраимов орто мектебинин 5-классынын окуучусу  Бейшеналиева Альбина окуу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:»Мен бул билим борборуна англис жана орус тилдерин үйронүү учун катыштым. Биз бул окууга айына 800сом төлөйм.  Окуу абдан кызыктуу болот. Көп нерселерди үйрөтөт. Түрдүү оюндарды ойнотот. Бул окуу мага абдан жакты «-деп билдирди А. Бейшеналиева

Даярдаган:  Нуриза Рыскулова