Тогуз-Торо районунун сыймыктуу атуулу, оор атлетика боюнча 2013-жылдын дуйнө жана Азия чемпиону,СССР спорт чебери Азиз Куйкеев Тогуз-Торо районунун 4 мектебин кыдырып окуучулар менен жолугушту.
Биз Азиз Күйкеевге кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди: «Быйыл 2018-жыл Айыл аймактарды өнүктүрүү жылы болгондуктан мен, айыл жериндеги окуучуларды спортко кызыктыруу, шыктандыруу максатында окуучулар менен жолугушуу өткөрүүдөмүн.
Мен Тогуз-Торо районунун тургуну болом. Окуучу кезимден тартып оор атлетика боюнча машыгып келем. Ушул убакытка чейин көптөгөн мамлекеттерге барып катышып келдим, аларды айта кетсем: Малайзия, Азербайджан, Япония, Швеция ж.б.»-деп билдирди Азиз Куйкеев.
Спортчу, окуучулар менен жон гана жолугуп кетпестен волейбол,футбол топторун жеке өзүнүн атынан белекке тапшырды.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова