Тогуз-Торо районунда 7-ноябрь түшүм майрамы белгиленип, ат майданында эркин күрөш, кунан чабыш, жорго жарыш, эр эңиш, күлүк, көк бөрү оюндары өткөрүлдү.
Бул туралуу Сары-Булуң айыл аймагынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Дамир Таалайбек төмөнкүлөргө токтолду: “ Оор атлетика боюнча дүйнө жана Азия чемпиону Куйкеев Азис көрүүчүлөргө штанга которуу боюнча мастер класс тартуулады. Демөөрчүлөр тарабынан кулук жана көк бөрү оюндарына «Жигули» автоунаалары байгеге коюлуп, күлүктөн Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн тургуну демөөрчү Бекташ Молдосыдыков, ал эми көк бөрүдөн да Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн оюнчулары жеңип алды.
Майрамга келген элдин коопсуздугу райондук ички иштер бөлүмү, райондук жалпы дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмү жана өрткө каршы кызматы тарабынан камсыздалып, тынч өткөрүлдү.Тогуз-Торо райондук администрация башчысы аким Айбек Кожошов элин куттуктап, бардык спорт оюндарынын катышуучуларына жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Мындан сырткары Сары-Булун айыл аймагынын тургундары Кубанычбек уулу Болот жана Доктурбек Оркошовдор айыл-чарба иштерине кошкон салымдары үчүн «Ардак Грамота» менен сыйланышты”- деди Д.Таалайбек уулу
Даярдаган: Азем Маратова