"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жаштардын ролу туурасында иш-чара өткөрүлдү

14 Ноябрь 2018 жыл 20:34
Көрүүлөрдүн саны: 65

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда Тилектеш Эл Коомдук Бирикмеси жана райондук администрациясы менен биргеликте 10-ноябрь «Жаштар күнүнө» карата  «Тогуз-Торо районунун өсүп,өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу» деген аталышта тегерек стол өткөрүлдү.


Бул тууралуу «Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин орун басары Айпери Асылбекова билдирди:   «Райондук админстрация башчысы аким Айбек Кожошов,бир катар район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана райондогу активдүү жаштар чогулушту.

Тогуз-Торо районунун калыптанышына, өсүп өнүгүшүнө зор салым кошкон аталарыбыздын эмгектери эскерилип, учурдун каармандары тууралуу кенен сөз козголуу менен жаштардын өрөөнүбүзгө кошкон салымдары, эмгектери талкууланды.Жыйынтыгында «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси менен Тогуз-Торо райондук админстрациясы кызматташуу мемарандумуна кол коюшту”-деди А.Асылбекова.

   Даярдаган: Азем Маратова