"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айтматовдун 90жылдыгы белгиленди

20 Ноябрь 2018 жыл 12:51
Көрүүлөрдүн саны: 67

Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Чынгыз Айтматов 90жашта» деген аталыштагы фестиваль болуп өттү.

Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фестивалга жалпы мектеп жамааты тактап айтканда окуучулар жана мугалимдердин катышуусу менен болду.Анын журушундо  окуучулар улуу жазуучунун ар бир чыгармасындагы каармандарды алып чыгышып,ырларды айтышты. Мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалими Курманова Атыр Чынгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда » чыгармасынан үзүндү үч көшөгөдөн турган спектакль даярдап ага 10-11-класстын окуучулары жана мугалимдер катышып, жогорку деңгээлде коюшту.Ошондой эле химия мугалими Турарбек кызы Кайыркул  обондуу ыр жана «Кыямат» чыгармасындагы кейипкер  Акбаранын арманын көркөм окуду жана мугалимдер, окуучулардан түзүлгөн бийчилер «Бугу эне» «Сары Өзөн» бийлерин бийлешти. Бул фестивалга  жазуучунун  чыгармасын чагылдырган ар бир класстын эмгеги менен жасалган кол эмгектери да көргөзмөгө коюлду.

Жыйынтыгында фестивалга Тогуз-Торо районунун билим берүү бөлүмүнөн, райондук администрациясынан тузулгон комиссия ар бир аткарылган тапшырма жогорку деңгээлде болгондугун айтып, мектеп жамааты ийгилик каалашты.


Бул тууралуу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Жылдыз Молдобаева билдирди.

Даярдаган:  Азем Маратова