"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо спорттук оюндар өткөрүлдү

22 Ноябрь 2018 жыл 18:35
Көрүүлөрдүн саны: 72

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда Тогуз-Торонун ар тарабынан бириккен «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» жана Отор Чопиев атындагы  Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр  спорт мектеби менен биргеликте «Спорт тынчтыктын жарчысы» деген аталыштагы спорттук оюндарды өткөрүштү.

Спорттук оюндарды «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» былтыркы жылы да өткөзүшкөн, бирок өткөн жылдар айырмаланып, бул жылы мектептер аралык кыздар,балдар арасындагы волейбол оюнуна окуучулардын талабы менен футбол оюну да кошулуп, өткөрүлдү. Иш-чараны райондук администрация башчысынын орун басары Гүлжамал Султаналиева, спорт мектебинин директору Анарбек Кадыкеевтер сөз сүйлөп ачып беришти.Оюнга райондогу 13 мектептен үчтөн команда дене-тарбия мугалимдери менен биргеликте катышып,бир эле учурда футбол,волейбол оюндары ойнолду.Бардык аянтчада оюндар кызуу уланып,ар бир мектептен келген командалардын мыкты даярдык менен келгендиги билинип турду.

Жыйынтыгында жеңишке жеткен оюнчулар мактоо баракчалары,кубок жана башка кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.Ошондой эле оюнга калыстык кылган дене-тарбия мугалимдерине да мактоо баракчалары тапшырылды.


Бул тууралуу Тогуз-Торо жаштар уюмунун мүчөсү Эльвира Жаныкеева билдирди.

Тогуз-Торо жаштар биримдиги 2013-жылы түзүлгөн, учурда жуздөн ашуун мүчө бар.Бул уюм спорттук оюндардан тышкары ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын да өткөрүп келишет.

Даярдаган:  Азем Маратова.