"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айыл тургуну көчөлөргө илинүүчү үйдүн аттарын өз колу менен жасады

5 Декабрь 2018 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны: 60

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун  Сары-Булуң айыл аймагындагы ар бир көчөгө ат коюулуп, илинип жатат. Ал эми айыл тургуну Кумарбек Идирисов өзү жашап жаткан көчөгө өз колу менен көчөнүн кубаныч тартуулады.

Бул тууралуу анын жубайы Алмабү Мааткалыкова төмөнкүлөрдү айтып өттү:- «Өмүрлүк жолдошум өзүнүн атасынын аты көчөгө коюлуп баштагынына байланыштуу көчөнүн атын өз колу менен, колунда бар материалы менен жазды. Өзү уста, кичинекей кезинен бери сүрөтчү болчу. Он бир үйгө көчөнүн наамын жазып илди. Көчөнүн аты  Калдыбай Касымбаев,өзүнүн атасы болгон. Бул баардыгын өзүнүн эмгеги менен, эч кимдин жардамысыз жасады»

Ал эми Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков буларга токтолу:- «Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айыл ичинде ат коюла элек он үч көчө бар эле, сессиянын чечими менен ат коюлуп, бүгүнкү күндө беш көчөгө үйлөрдүн аттары илинди. Айрым атуулдарыбыз өздөрү демөөрчүлүк кылып, көчөлөргө аттарын жаздырып илишти. Атап айтсам Кумарбек Идирисов 11түтүнгө өзү демөөрчү болуп, өзү каражат чыгарып, өз үйүнөн жазады.Талапка ылайык кылып, илди».

Ошондой эле Калдыбай Касымбаев көчөсүнүн тургуну Гүлмира Байтикова «Калдыбай Касымбаев» атындагы №10 үйдө жашайм. Менин кошунамдын атасы болчу.Кумарбек Идирисов өзү сүротчү. Ал өз колу менен көчөнүн атын жасап, ар бир үйгө илип чыкты. Биз өтө кубанычта болдук. Айылда эң биринчи биздин көчөгө, көчөнүн аты илинди. Баардыгын өз демилгеси менен жасады»-деди Г.Байтикова.

Калдыбай Касымбаев Тогуз-Торо районундагы атактуу балбан адам болгон.

                       Даярдаган:   Азем Маратова

Мыкты аудио сынагы учун