"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракеси Тогуз-Торо районунда да белгиленди.

17 Декабрь 2018 жыл 21:22
Көрүүлөрдүн саны: 63

Дүйнө жазуучусу аталган  Чынгыз Айтматовдун быйыл 2018-жыл 90-жылдык мааракеси деп белгиленип, Кыргызстандын жер-жерлеринде ар түрдүү иш-чаралар өтүлүүдө.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунда да «Эне тил жана Айтматов» деген темадагы кече, райондук деңгээлде болуп өттү. Бул тууралуу Райондук билим берүү бөлүмунүн башчысынын орун басары Семетей Садыков билдирди: “Бул концертти райондук деңгээлде өткөрөөрдөн мурда, райондун 12 мектебинде чакан кече өткөрүлүп, алардын ичинен эн мыкты аткарылыштар, ыр-бийлер тандалып алынып кайрадан 2018-жылдын 8-декабрында, райондук денгээлде өткөрүлдү.

Концерттин жүрүшүндө, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү  аткарышып, обондуу ыр бийлер  менен коштолду. Кече Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө өтүлдү. Бул концертке Райондук билим берүү бөлүмунөн, райондук администрация башчысы Айбек Кожошев, жана  райондун тургундары  катышышты. 12 мектептин катышуучулары аткаруу жөндөмдүүлугунө жараша байгелуу орундаргы ат салышышты. Алардын ичинен эң мыкты деп  табылгандарга акчалай байгелер жана грамоталар тапшырылды”-деди С.Садыков

Концертке райондук  райондук администрация,  райондук билим берүү бөлүмунөн профсоюзу тарабынан, жалпы алып караганда 37мин акча каражаты жумшалган. Акчалай сыйлык 5 мектепке 3000 сом, дагы 5 мектепке 2000сом, ал эми 2 мектепке 1000 сомдон тапшырылган.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова