"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

  Жыл мыктылары аныкталды

9 Январь 2019 жыл 21:16
Көрүүлөрдүн саны: 69

Тогуз-Торо районунда жыл жыйынтыгы чыгарылып,  жергиликтүү бийлик өкулдөрү, мекеме жетекчилери  жана айыл тургундары катышуусунда  жыл ичиндеги жетишкендиктер белгиленди.  “Мыкты  мекеме”, “Мыкты айыл өкмөт”, “Мыкты бала бакчасы”, “Жылдын мыкты салыкчысы”, “Жылдын мыкты даарыгери” номинациялары  ыйгарылды.

Бул туралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери  Бурулсун Эрмекова билдирди:«Райондун акими Айбек Кожошов райондун ар тараптуу өнүгүшү үчүн, эмгектерин балоо максатында жылдын мыктыларына номинацияларды тапшырды. Сары-Булуң айыл аймагына караштуу  мекемелер жана социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө  кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн адамдар сыйланды. «Жылдын мыкты бала бакчасы» номинациясы «Седеп» билим берүү уюму, «Жылдын мыкты медиа борбору» номинациясына Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борбору, “Мыкты жайыт комитети” Сары-Булуң жайыт комитетинин төрагасы Бекбоо Оркошов, “Жылдын мыкты жеке ишкери” Эрмекаалы Мусамамбетов, “Райондун ардактуу атуулу” Шааболот Калманбетовдор сыйланышты.

Жыл мыктыларына арналган салтанат райондук маданият үйүндө, мектептин жана элдик таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

Мындан сырткары  келген көрөрмандарга администрация тарабынан бекер кофе, пирожныйлар таркатылды”-деди Б.Эрмекова.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова