"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Жаңы имарат бүткөрүлүп, ишке берилди”

16 Январь 2019 жыл 9:57
Көрүүлөрдүн саны: 54

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын жаңы имараты бүткөрүлүп, ишке  берилди.

Бул туралуу айыл аймактын жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков билдирди:

“2014-жылы башталган айыл өкмөтүнүн имараты 2018-жылы түрткү берүүчү грантка долбоор  өткөрүү менен эки кабат толук имарат толук буткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы имараттын ачылышына Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов мурдагы айыл өкмөт башчылары,мекеме жетекчилери жана айыл тургундары  катышты.Имараттын кызыл тасмасын кесишти.

Ачылыш аземине келгендер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү жана келген меймандарга Сары-Булуң аймагынын айыл өкмөт башчысы Амангелди Токтоналиев  жыл ичиндеги жүргүзүлгөн иштер туралуу маалымат берди. Имараттын ачылыш аземине  Сары-Булуң айыл аймагынан чыккан таланттуулардын коштоосунда концерттик программа менен коштолду.

Учурда айыл өкмөтүндө 10 кызматкер эмгектенет.Айыл аймакка караштуу 2 мектеп, 2 бала бакча, 2ФАП, 1клуб,  2 китепкана бар”-деди А.Кыдыков.

 Даярдаган:  Азем Маратова