"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Айыл тургуну өз демилгеси менен таза суу чыгарып берген”

21 Январь 2019 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны: 80

Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Бегимбай Чотуров көп жылдан бери алыскы аралыктагы өзөндөн суу ташып, ичкен айыл элине өзүнүн демилгеси менен суу чыгарып берген.

Бул туралуу Бегимбай Чотуров төмөнкүлөргө токтолду: “Мен бул айылга таза суу чыгарганымдын биринчи себеби чоң суудан барып алчубуз. Ал жактан башынан мал кечип, ар кандай ыңгайсыздык жаратчу.Көп жылдан бери таза суу тартып келиш керек эле деп ойлоп жүрдүм. Анан жалпы эл таза суу ичсин деген ойдо чыгардым.Мурунку айыл өкмөтүнө да кайрылдым, макул болгон бирок колдоо көрсөтө алган жок. Сууну тартып келүүнүн жалпы узундугу 2километрге жакын болду.

Анан суунун ичүүгө жарамдуулугун, курамын райондогу САНэпид көзөмөлдөө борборунуна текшерттик, ал жерден ичүүгө жарамдуу деген жыйынтык чыгарып беришти. Анан желим түтүкчө аркылуу тартып келдик, өзүмдүн эки балам жана айылдан 2-3 бала жардам берди.Бул сууну дагы кененирээк кылып тартып келейин деген ой болгон, бирок эч кимден колдоо болбой калгандыктан өз күчүм менен азыраак болсо дагы тартып келдим. Айыл өкмөт тарабынан мактоо кагазы берилди жана айыл элинен дагы ыраазычылыктар болуп жатат”-деди Б.Чотуров.

Айылга таза суу чыгарылганына кубанган айыл тургундарынын бири Жаңыл Баева буларды билдирди:

“Биз айылга таза суу чыгарыла электен мурда “ Кара-Суу”деген өзөндөн алчубуз.Аны балдарыбыз кичинекей кезинде ташып келчү андан кийин суудан кыйнала баштадык.Ошол маселени жеңилдетип Бегимбай кошунабыз өз демилгеси менен суу тартып келип берди. Алыстагы өзөндөгү суу өтө булганыч болуп ичкенге жараксыз болчу, бирок айласыздан иччубуз. Ал суудан ичкен учурда ар кандай ичеги,сарык оорулары көп болчу, азыр бул аймакта сарык оорусу дээрлик жок.Эми бул суудан биз эле эмес ылдыйкы коңшу айылдан бери келип алып кетишет:-деп оюн айтты.

Айыл тургуну Мээри Орозова дагы өз кубанычы менен тең бөлүштү. “Бул таза суу чыккандан бери бизге жакшы болуп калды. Мурун алыстан таза эмес, мал ичкен жерден алып келчүбүз.Бир айыл таза суу менен камсыз болду.Ушул Бегимбай кошунабызга ыраазыбыз,жеке өз күчү менен таза суу чыгарып бергендигине”- деп билдирди. Ошондой эле  Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Амангелди Токтоналиевге кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди: “Сары-Булуң айыл аймагындагы Кара-Суу жана Табылгыты айылдарына суу чыгарылып, мектеп жана бала бакча таза суу менен камсыз болду.Ошол суу кеткен көчөлөрдө жашаган айыл тургундары да суу менен камсыздалды.Негизинен жергиликтүү бюджеттен сарпталды. 2017-жылы таза суу боюнча долбоор түзүлүп берилген. 2019-жылы Кара-Суу жана Табылгыты айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш башталуу алдында турат. Бүгүнкү күндө айыл тургуну Бегимбай Чотуров өзүнүн демилгеси менен таза суу чыгарып берип, айыл элин камсыз кылып жатат.Бул нерсе айыл элинин таза сууга муктаж болгондугунан улам келип чыкты”-деди А.Токтоналиев.

Сары-Булуң айыл аймагынын калкы 3140, 754 түтүн жашайт. Негизинен айыл эли мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенет.

Даярдаган: Азем Маратова