"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы

29 Январь 2019 жыл 9:01
Көрүүлөрдүн саны: 59

    

   «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы Жалал-Абад облусуна караштуу  Тогуз-Торо районунда орун алган. Бул жер жаныбарларга жана өсүмдүктөргө бай жер болуп саналат. Жаратылыш паркы 2015-жылы 15-сентябрда жаратылышта сейрек кездешүүчү флора менен фаунаны коргоо максатында уюшулган.

«Кан-Ачуу» жаратылыш паркы тууралуу, ал жерде токойду коргоо жана сактоо кызматкери болуп эмгектенген Атайбек Камбаров төмөнкүлөрдү билдирди: «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш жаратылыш паркы 2015-жылы 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 630-токтомунун негизинде түзүлгөн. Жаратылыш паркы юридикалык жак болуп эсептелинет, бирок андагы кызматкерлер мамлекеттик кызмат болуп эсептелбейт.  Жаратылыш паркында  5 обход, 71 квартал бар.

Жалпысынан бул паркта 16 кызматкер эмгектенет. ПРООН-ГЭФ Эл аралык долбоорунун 2021-жылга чейин каржылоо макулдугу бар. Ошонун негизинде  жаратылыш паркынын имараты жана андан сырткары»Музей» салынат. Жаратылыш паркты коргоо, браконьерликке каршы    жана сейрек кездешкен жаныбарлардын эсебин алуу максатында фотокапкандарды орнотконбуз.  Быйылкы жылга  жалпысынан 7 фотокапкан орнотулду»,-деп билдирди Атайбек Камбаралиев.

Даярдаган:Нуриза Рыскулова