"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Тогуз-Тородо багыт берүүчү семинар өткөрүлдү”

31 Январь 2019 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны: 60

Жалал-Абад областына караштуу  Тогуз-Торо районунда жаштарга жана жалпы эле элге туура багыт берүү максатында семинар өткөрүлдү.

“Келечекке кең көз караш” аттуу семинар Тогуз-Торо жаштар биримдиги тарабынан уюштурулуп, райондогу №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү мектебинде өткөрүлдү.Бул семинардын максаты элдерге туура багыт берүү  макксаты элдерге туура багыт берүү болуп эсептелет.

Өткөрүлгөн семинарга райондун мектеп окуучулары жана баардык калоочулар катышып, аларга ыйман адеп, келечекке туура багыт алуу боюнча алыстан келген Нуржигит Кадырбеков,Кенже Султанбаева, Замирбек Кубанычбеков,Табылды Муратбеков, Сүйүн Калчаев, Адыл Темирбековдор сабак өтүштү.

Бул тууралу “Тогуз-Торо жаштар биримдигинин” мүчөсү Эльвира Жаныкеева билдирди.

Белгилей кетсек бул семинар райондо быйыл экинчи ирээт өткөрүлүп жатат.

Даярдаган: Азем Маратова