"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы

8 Февраль 2019 жыл 20:49
Көрүүлөрдүн саны: 77

Тогуз-Торо районунда орун алган «Кан-Ачуу» мамлекеттик паркы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай.

Бул  тууралуу жаратылыш паркында илимий кызматкер болуп эмгектенген Жанабил Сатаров тѳмѳнкүлүрдү айтып берди: «Биздин парктын аймагы жаныбарлар жана ѳсүмдүктѳр дүйнѳсүнѳ ѳтѳ бай. Айта кете турган болсом жаныбарлардын түрлѳрү боюнча омурткалуулардын 117 түрү, алардын ичинен жерде-сууда жашоочулардын 1 түрү, сойлоп жүрүүчүлѳрдүн 2 түрү, канаттуулардын 92 түрү, сүт эмүүчүлѳрдүн 22 түрү катталган. Бул боюнча Илимдер Академиясынын илимий кызматкерлери келип изилдѳѳ жасашкан. 2018-жылы  Август айында Илимдер Академиясынын кызматкерлери Аскар Давлетбаков, Лазьковдор келип жаратылыш паркынын флора жана фаунасына мониторинг жүргүзүп, илимий корутундуларын чыгарып беришти. Бизде кызыл китепке кирген жаныбарлар дагы бар. Алар: ак илбирс, күрѳң аюу, сүлѳѳсүн, бүркүт, кѳк жору, тазкара ж.б бар»,-деп билдирди Ж.Сатаров.

Ошондой эле паркта бѳлүм башчы болуп кызмат кылган Мирбек Айтиев броканерлик жѳнүндѳ тѳмѳнкүлѳрдү айтып  ѳттү: «Бизде браканьерликке каршы иштер жүргүзүлүп турат. Ал иштер атайын график менен түзүлгѳн.  Токойчулар обхотторго чыгып, күнүгѳ кѳзѳмѳлдѳп  турушат.

Ал эми аңчылык жасагандарга, айып пулдун ѳлчѳмүн айта кете турган болсом, илбирстердин баасы 1 жарым млн, кулжа, аркар, марал, жейрендерге 1 млн сом ѳлчѳмүндѳ айып пул салынат. (Доңуз)каманга айып пулу 50 миң, канаттулардан каздар 6 миң,чилдер 2 миң, үкү жырткыч жаныбарлар 10 миң, улар 6 миң.  Браконьерлик мыйзам бузуу буга чейин 2016-2017-жылы катталган. Азыркы учурда  сот процесстери жүрүп жатат»,-деп билдирди Мирбек Айтиев.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова