"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо дебаттык турнир өткөрүлдү

10 Февраль 2019 жыл 21:55
Көрүүлөрдүн саны: 54

Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык жаштар кеңеши, Тилектеш Эл Коомдук Бирикмеси менен  биргеликте дебаттык турнир уюштурушту.

Бул туралуу Тилектеш Эл Коомдук Бирикмесинин төрагасынын орун басары Айпери Асылбекова билдирди.

Дебат саясий форматта өттү жана ага жалпысынан 6 мыкты команда ат салышты. Командалар  районубуздагы билим берүү, тазалык,экология,орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, райондун экономикасын көтөрүү үчүн өздөрүнүн альтернативасын, ал эми финалдык баскычта тышкы жана ички карызды эффективдүү башкаруунун жолдорун,механизмдерин сунушташты. Натыйжада «Аврора» командасы өзүнүн идеяга,маалыматка бай экендигин, мыктылыгын көрсөтүп, 1- орунду, жана ошондой эле турнирдин атайын сыйлыгын  жеңип алышты. «Аврорадан» кем калышпаган «Ак илбирс» тайпасы упайлык айырмачылыкта 2-орунду, «Жаратман» тобу 3-орунду камсыздашты.

Дебатка Тогуз-Торо райондук админстрация башчысынын биринчи орун басары  Улан Иманбердиев, билим берүү боюнча эксперт Салидат Мойдунова, райондук администрациянын жаштар иштери боюнча жетектөөчү адиси  Марлис Олжотоев жана  Социалдык маселелер боюнча адис Элдияр Шайкидиновдор эксперт болуп катышышты.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова